Ош шаарындагы ыктыярчылар үчүн экинчи маалыматтык жыйын өтөт

Башкы Жаңылыктар

Ош шаарындагы ыктыярчылар үчүн экинчи маалыматтык жыйын өтөт

Image

Ош шаарында ыктыярчылар үчүн экинчи маалыматтык жыйын уюштурулат. Иш-чара VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөрүлүп, ыктыярчыларга алдыдагы иш-чара тууралуу кеңири маалымат берилет.

Жыйында ыктыярчылардын милдеттери, тандоо этаптары, даярдык процесси жана уюштуруу маселелери боюнча түшүндүрмөлөр берилет. Ошондой эле катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп ала алышат.

 Күнү: 2-март 2026-жыл
 Убактысы: 10:00
 Өтүлүүчү жери: Ош мамлекеттик университети, Башкы административдик залы (БАЗ)

Эске сала кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — дүйнөлүк деңгээлдеги ири маданий-спорттук иш-чара болуп саналат. Бул иш-чарага катышуу ыктыярчылар үчүн баа жеткис тажрыйба жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Бардык каалоочуларды маалыматтык жыйынга чакырабыз!