ОшМУда Түрк дүйнөсүнүн адабий мурастары жана билим берүү маселелери талкууланды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда Түрк дүйнөсүнүн адабий мурастары жана билим берүү маселелери талкууланды

Image

27-февралда Финансы-юридикалык коллежинде “Түрк дүйнөсүнүн адабий билим берүү мейкиндиги: Философиялык аспектилер жана окутуунун жаңы технологиялары” аталышындагы эл аралык онлайн вебинар болуп өттү.

Иш-чарага Азербайжан, Өзбекстан жана Кыргызстандан белгилүү окумуштуулар катышып, түрк дүйнөсүнүн адабий жана философиялык мурастарын заманбап билим берүү системасына интеграциялоо маселелерин талкуулашты.

Вебинарда баяндамаларды төмөнкү адистер жасашты:

  • Алекперли Фаиг Газанфар оглы, философия илимдеринин доктору (Азербайжан)
     
  • Дилдорахон Абдуллаева, профессор (Анжиян мамлекеттик университети, Өзбекстан)
     
  • Бактылүл Байтикова, доцент (ОшМУ, Кыргызстан)
     
  • Базаргүл Апышова, доцент (ОшМУ, Кыргызстан)

Баяндамаларда түрк тилдүү элдердин адабий мурастары, философиялык ой жүгүртүүсү жана руханий баалуулуктары билим берүү мейкиндигинде чагылдырылышы айтылды. Ошондой эле адабиятты окутууда инновациялык педагогикалык ыкмаларды колдонуу сунушталганы белгиленди.

Иш-чаранын максаты – илимий-методикалык тажрыйба алмашуу жана түрк тилдүү өлкөлөрдөгү жогорку окуу жайлардын ортосундагы академиялык кызматташууну мындан ары да чыңдоо.

Фото галерея