ОшМУнун №2 жатаканасында окуу-өндүрүштүк комплекси түзүлөт

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун №2 жатаканасында окуу-өндүрүштүк комплекси түзүлөт

Image

Оңдоп-түздөө иштери Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылган “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында жасалып жатат.

Бул тууралуу ОшМУнун ректору К.Кожобеков:

 “ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжине Азия өнүктүрүү банкынан  1 млн доллар гранд бөлүнүп, учурда №2 жатакана, индустриалдык-педагогикалык колледжинин концерттик залы капиталдык ремонттон өтүүдө. Жакында 115 миң  долларлык окуу-техникалык каражаттар: компьютерлер, принтерлер,  акылдуу доскалар, ал эми студенттик жатакана үчүн кир жуучу автомат машиналар, муздаткычтар, микротолкундуу мештер алынып келинди.

Колледж бир эле мезгилде окуу-өндүрүш комплексине айланып, студенттер окуу менен катар практикалык көндүмдөрдү айкалыштырат. Окуу-өндүрүштүк комплексинен даярдалган өндүрүштөр ОшМУнун фирмалык дүкөнүнө сатыкка чыгат”. 

Толук оңдолгон жатакананын 1-кабатында окуу-өндүрүштүк комплекс үчүн тигүү цехтери,  программалык жабдуу менен камсыздоочу өндүрүштөр орун алат. Экинчи кабатында региондордогу колледждерден билимин жогорулатуу үчүн келген мугалимдер үчүн конок бөлмөлөр болот. Ал эми калган бөлүгү студенттер үчүн кызмат кылат.

2018-жылы Индустриалдык-педагогикалык колледжи Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылган “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбооруна кирген.

 

Фото галерея