ОшМУда кабыл алуунун 2 –туру жыйынтыкталды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда кабыл алуунун 2 –туру жыйынтыкталды

Image

Ош мамлекеттик университетинде 19-июлда башталган кабыл алуунун 2-туру 21-июлда  жыйынтыкталып,   жалпы 1424 абитуриент талон таштады.

22-июлдан 24-июлга чейинки аралыкта кабыл алууга сунушталган абитуриенттер билим ала тургандыгын тастыктап жатышат.

2-турдун жыйынтыгында  абитуриенттердин көпчүлүгү медициналык алдын алуу,  фармация, англис тили, лингвистика (англис тили), кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, эл аралык мамилелер,  педагогика, информациялык системалар жана технологиялар, программалык инженерия, кытай тили адистиктерине талондорун таштаган.

Кабыл алуунун 3-туру 26-28-июль күндөрү болот.

Фото галерея