ОшМУ – «Азиягол» беттеши тең чыгуу менен аяктады

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ – «Азиягол» беттеши тең чыгуу менен аяктады

Image

22-мартта ОшМУ футбол клубу Бишкектин «Азиягол» командасы менен беттешти. Оюн Кант шаарындагы «Спорт-Сити» стадионунда өттү.

Беттештин алгачкы мүнөттөрүнөн тарта эки команда тең активдүү оюн көрсөтүп, чабуулдарды уюштурушту. Биринчи таймда бир нече мүмкүнчүлүктөр жаралганына карабастан эсеп ачылган жок.

Экинчи таймдын 75-мүнөтүндө «Азиягол» командасы эсепти ачты. Ал эми оюндун акыркы мүнөттөрүндө, тагыраагы 95-мүнөттө ОшМУнун оюнчусу Танимово Эзекейл гол киргизип, эсепти теңеди. Ошентип, беттеш 1:1 эсебинде тең чыгуу менен жыйынтыкталды.

Оюндун жыйынтыгында чечүүчү голду жараткан Танимово Эзекейл «оюндун эң мыкты оюнчусу» деп табылды.

Эми ОшМУ командасы 30-мартта Манас шаарында «Мурас Юнайтед» командасы менен, ал эми 4-апрелде Ош шаарында «Бишкек Сити» командасы менен беттешет.

Фото галерея