Сулайман Рысбаев ОшМУда 12 жылдык окутуу боюнча жолугушуу өткөрдү

Башкы Жаңылыктар

Сулайман Рысбаев ОшМУда 12 жылдык окутуу боюнча жолугушуу өткөрдү

Image

Ош мамлекеттик университетинде 26-мартта педагог, балдар жазуучусу, педагогика илимдеринин доктору, профессор, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Сулайман Рысбаев менен жолугушуу болуп өттү. 

 Иш-чара «12 жылдык билим берүү: мүмкүнчүлүктөр жана чакырыктар» темасына арналды. Анын алкагында профессордун илимий-методикалык ишмердүүлүгү тууралуу видео көрсөтүлүп, чыгармаларынан көркөм окуулар аткарылды. Ошондой эле «Бир түйүнчөк акча» аңгемесинен үзүндү сахналаштырылды.

Рысбаев «Мугалим коомду өзгөртөт» деген темада баяндама жасап, билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелерге жана 12 жылдык окутуунун өзгөчөлүктөрүнө токтолду. Ал эми Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлү Гүлбарчын Ормошова башталгыч класстардагы өзгөрүүлөр боюнча маалымат берди.

Мындан тышкары жазуучунун чыгармалары өзбек тилинде да көркөм окулду. Анын кыргыз-өзбек адабий байланыштарын өнүктүрүүдөгү орду тууралуу Алишер Навои атындагы өзбек тили, адабияты жана маданияты борборунун директору Акыйбат Исманова баяндама жасады.

Иш-чара суроо-жооп жана талкуу менен улантылып, студенттер өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алышты. Жолугушууга коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректор Нуржамал Мапаева, структура жетекчилери,  профессордук-окутуучулук курам жана башталгыч класстарда окутуу адистигинде билим алып жаткан студенттер катышты. Жолугушуу окуу жайдын Индустриалдык-педагогикалык коллежинин филологиялык дисциплиналар циклдык комиссиясы тарабынан уюштурулду.

 

Фото галерея