26-мартта Ош мамлекеттик университетинин Тарых-юридика институтунда «Кыргызстандын түштүк аймактарындагы этнографиялык изилдөөлөр» аттуу китептин бет ачары өттү.
Басылма университеттин ички грантынын негизинде ишке ашырылган илимий долбоордун алкагында даярдалган.
Иш-чарага өлкөнүн жогорку окуу жайларынан келген окумуштуулар, профессор-окутуучулар жана студенттер катышты. Анын алкагында этнографиялык табылгалар, жаңы жарык көргөн китеп боюнча көргөзмө уюштурулуп, катышуучуларга сунушталды.
Жыйында долбоордун жетекчиси экспедициянын жүрүшү тууралуу маалымат берип, Ош, Баткен жана Жалал-Абад аймактарында жүргүзүлгөн талаа изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарына токтолду. Ошондой эле табылган этнографиялык материалдар боюнча баяндама жасалып, видео-презентация көрсөтүлдү. Долбоорду ишке ашырууга салым кошкон тараптарга ыраазычылык билдирилди.
Коноктор өз сөздөрүндө илимий эмгектин актуалдуулугун жана практикалык маанисин белгиледи. Этнографиялык изилдөөлөр улуттук маданиятты сактоо жан өнүктүрүүдө маанилүү экенин баса белгилешти.
Иш-чара соңунда китеп университеттин китепканасына жана катышуучуларга салтанаттуу түрдө белекке тапшырылды.