Президенттин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жарлыгын ишке ашыруу алкагында Ош мамлекеттик университети шаардагы мекеме-ишканалар менен кызматташууну улантууда.
26-мартта окуу жайдын мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Мастура Шарипова жетектеген топ №2 Үй-бүлөлүк медицина борборунда семинар өткөрдү. Иш-чарага окутуучулар Элдана Баатырбекова жана Элиза Сайпидинова катышты.
Анда медицина тармагында мамлекеттик тилди колдонуу, медициналык терминдерди туура айтуу жана дары-дармек аталыштары боюнча маалымат берилди. Катышуучулар суроолорун берип, талкууга активдүү катышып, сунуш-пикирлерин билдиришти.
Иш-чара билим берүү менен практикалык тармактын байланышын чыңдоого жана мамлекеттик тилди ар тармакта өнүктүрүүгө багытталды.