ОшМУ Шахрисабз мамлекеттик педагогикалык институту менен кызматташтыкты кеңейтет

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ Шахрисабз мамлекеттик педагогикалык институту менен кызматташтыкты кеңейтет

Image

27-мартта Өзбекстандагы Шахрисабз мамлекеттик педагогикалык институтунун окутуучусу Мохларой Ахмадалиева Ош мамлекеттик университетине иш сапары менен келди.

Ал тышкы байланыштар боюнча проректор Курсантбек Аттокуров жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Айнура Озгонова менен жолугушту. Анда педагогикалык билим берүү тармагында кызматташуу, тажрыйба алмашуу, биргелешкен билим берүү жана илимий долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды. Ошондой эле окутуучулар менен студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн кеңейтүү боюнча пикир алмашуу болду.

Жыйынтыгында тараптар эки окуу жайдын ортосундагы кызматташууну тереңдетүү боюнча макулдашышты. Алдыда Шахрисабз институтунун окутуучуларынын ОшМУга сапары, ошондой эле ОшМУ өкүлдөрүнүн апрель айында Шахрисабз шаарына баруусу пландалууда.

 

Фото галерея