ОшМУда Александр Дюма атындагы француз тили жана маданияты борбору ачылды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда Александр Дюма атындагы француз тили жана маданияты борбору ачылды

Image

27-мартта Ош мамлекеттик университетинде Александр Дюма атындагы француз тили жана маданияты борбору салтанаттуу түрдө ачылды. 

Ачылыш аземине ректор Кудайберди Кожобеков баштаган структура жетекчилери, окутуучулар жана Франциянын Кыргызстандагы элчиси, маданият боюнча атташе Этьен Лансело, элчинин катчысы Гузель Ишенова, Француз Альянсынын маданият боюнча координатору Дженнифер Корнез жана Campus France уюмунун координатору Аменис Жерен катышты. Алар кыргыз-француз кызматташтыгынын маанисин белгилеп, жаңы борбор студенттер үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн айтышты.

Борбордо француз тили боюнча курстар уюштурулуп, ага студенттер менен катар шаар тургундары да катыша алышат. Сабактарды жергиликтүү окутуучулар жана Франциядан келген ыктыярчылар жүргүзөт.

Иш-чаранын алкагында белгилүү француз пианисти Кристин Фонлюпт мастер-класс өткөрөт. Ошондой эле Campus France тарабынан Францияда билим алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилет. Мындан тышкары «Лувр музейи: искусство жана тарых аркылуу саякат» аттуу лекция уюштурулат.

Эртең, 28-мартта маданий жана спорттук иш-чаралар уланат. Программанын алкагында эл аралык регби турнири өтүп, чет өлкөлүк командалар катышат. Ошондой эле «Bon Schuur Ticino» тасмасы көрсөтүлүп, кечинде концерттик программа тартууланат.

Эки күнгө созулган иш-чара «Франкофония жазы – 2026» долбоорунун алкагында уюштурулууда. Максаты – француз тилин жана маданиятын жайылтууга, ошондой эле эл аралык кызматташтыкты чыңдоого багытталган. 



 

Фото галерея