27-мартта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) жаңы курулуп жаткан медициналык клиникасынын иши менен таанышты. Иш сапарга тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү да катышты.
Жолугушууда ректор Кудайберди Кожобеков жаңы клиниканын мүмкүнчүлүктөрү, заманбап жабдуулары жана студенттер үчүн практикалык базасы тууралуу маалымат берди. Бул борбор жети кабаттан туруп, жалпы аянты 20 миң чарчы метрди түзөт. Ал 312 орунга ылайыкталып, лаборатория, күндүзгү стационар, төрт операциялык бөлүм, 300 орундуу лекциялык зал жана 12 окуу каанасы менен камсыздалат.
Клиника заманбап талаптарга ылайык курулуп, коопсуздук, инновация жана инклюзивдүүлүк принциптерине басым жасалууда. Бул жерде боор, бөйрөк, чучук-сөөк трансплантациясы, микрохирургия, жандандыруу, гепатология, офтальмология, пластикалык хирургия, нефрология, гематология жана диагностика багыттары иштейт.
Мындан тышкары делегация университеттин учурда иштеп жаткан медициналык борборунун ишмердүүлүгү менен да таанышып, боор алмаштыруу операциясынан өткөн бейтаптардын абалы менен таанышты. Маалыматка ылайык, жакында Жалал-Абад облусунун 60 жаштагы тургунуна боор алмаштыруу операциясы жасалган. Донору — өз уулу. Учурда бейтаптын жана донордун абалы канааттандырарлык. Байсалов дарыгерлерге ыраазычылык билдирип, мындай операциялардын өлкө ичинде жасалып жатканы чоң жетишкендик экенин белгиледи.
Ошондой эле боор алмаштыруу операциянын жүрүшүнө күбө болду. Бул жолу 56 жаштагы Өзгөн районунун тургуну операцияга алынган, донору анын баласы.
Белгиленгендей, мындай операциялар жергиликтүү адистер тарабынан орусиялык хирургдар менен биргеликте жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, Улуттук хирургия борборунун дарыгерлери да катышып, тажрыйба алышууда.
Жалпысынан медициналык борбордо буга чейин 3 жолу боор, 5 жолу бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалган.
Ректор Кудайберди Кожобеков мындай мүмкүнчүлүктөр бейтаптарга чет өлкөгө чыкпай эле өз мекенинде сапаттуу медициналык жардам алууга шарт түзөрүн кошумчалады.