19-майда Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунда улуттук баалуулуктарды даңазалаган маданий-таалимдик иш-чара өткөрүлдү.
Анда “Кыргыз улуттук баалуулуктары жана туруктуу өнүгүү” аттуу көргөзмө уюштурулуп, каада-салттар, улуттук кийимдер, кол өнөрчүлүк, маданий мурастар тааныштырылды. Ошондой эле “Кыргыз улуттук баалуулуктары – элибиздин руханий мурасы” аттуу негизги бөлүктө студенттерге улуттук нарк-насил, үрп-адат, тил, маданият тууралуу маалыматтар берилди.
Программада студенттер улуттук бийлерди аткарып, көркөм окууларды тартуулашты. Мындан сырткары комуз күүлөрү жаңырып, макал-лакаптар айтылды. Жыйынтыгында жигердүү катышкан төрт студенттин ата-энесине окуу жайдын Ыраазычылык катын берүү сунушталды.
Иш-чара Англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасынын демилгеси менен президент Садыр Жапаровдун “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу тууралуу жарлыгынын алкагында уюштурулду.