18-майда Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен Финансы министрлиги «Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар» (КИВО) долбоорунун алкагында өзгөчө макамга ээ беш жогорку окуу жайы менен үч тараптуу субкредиттик келишимге кол койду.
Жыйынга Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков катышты. Анда окуу жайдын алдында Изилдөөлөр жана инновациялар борборун (ИИБ) түзүү, жабдуу, өнүктүрүү үчүн 4 млн доллар бөлүндү. Бул каражат университеттин медициналык клинкасынын алдында ачыла турган онкологиялык ооруларды эрте аныктоо борборун каржылоого жумшалат. Борбордо Кыргызстандагы жана чет өлкөлүк университеттер менен биргеликте онкологиялык ооруларды алдын алуу, аныктоо, дарылоо боюнча илимий изилдөөлөр жүргүзүлөт.
Мындан тышкары борбор студенттер, ординаторлор, аспиранттар жана медицина кызматкерлери үчүн онкология, радиология, медициналык информатика боюнча жаңы окуу программаларын иштеп чыгат. Жасалма интеллект, биоинформатика сыяктуу заманбап технологиялар колдонулуп, маалымат базалары, аналитикалык системалар түзүлөт. Кызматкерлер болсо калк арасында онкологиялык ооруларды алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.
Бул борбор университет куруп жаткан жаңы жети кабаттуу клиниканын (Ош шаардык клиникалык ооруканасынын мурдагы орду) жетинчи кабатында жайгашат. Ал IT-системалар жана молекулярдык, радиологиялык изилдөөлөр үчүн заманбап жабдуулар менен жабдылат. Максат – алдыңкы илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, онкологияны аныктоо жана дарылоого инновациялык технологияларды киргизүү, жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо болууда.