ОшМУнун кызматкерлери «Ден соолук» спартакиадасына катышууда

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун кызматкерлери «Ден соолук» спартакиадасына катышууда

Image

Ош мамлекеттик университетинин  80ден ашуун  кызматкери өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын профессордук-окутуучулар кызматкерлери арасында өтүп жаткан  «Ден соолук» спартакиадасына катышууда. 

Мелдеш Ысык-Көлдөгү «Кыргыз деңизи» санаториясынын спорттук базасында өтүп жатат. Мында катышуучулар  волейбол, футбол, ордо, тогуз коргоол, стол тенниси жана стритбол боюнча күч сынашат.

Спартакиада 24-июнда башталып 30-июнда жыйынтыкталат. Салтка айланган бул иш-чараны жыл сайын “Жаштык” дирекциясы уюштуруп келет. Максаты – Кыргызстандын билим берүү тармагында иштеген кызматкерлердин арасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүү, аларды сергек жашоого үндөө. 

 

Фото галерея