Ош мамлекеттик университети менен Л. Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университети ишке ашырып жаткан кош дипломдуу билим берүү программасын ийгиликтүү аяктап, квалификациялык иштерин коргогон бүтүрүүчүлөр эл аралык билим берүү стандарттарына жооп берген диплом алышты.
Программанын талабына ылайык студенттер 1-2-курста Ош мамлекеттик университетинде, 3-4-курста Евразия улуттук университетинде билим алышкан. Окууну жалпысынан 15 студент ийгиликтүү аяктаса, алардын ичинен 6 бүтүрүүчү котормо иши адистиги боюнча артыкчылык дипломуна ээ болушту
Кош дипломдуу программанын бүтүрүүчүлөрү келечекте эл аралык уюмдарда, билим берүү мекемелеринде жана өз кесиптик багыттары боюнча эмгектенип, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошушат.
Белгилей кетсек, 2022-жылдын 7-сентябрында Евразия улуттук университети менен Ош мамлекеттик университетинин ортосунда эл аралык кызматташтыктын алкагында адистерди биргелешип даярдоо боюнча келишимге кол коюлган. Аталган келишимдин негизинде 2022-жылдын 6-декабрында ОшМУда Евразия улуттук университетинин «Казак тили жана маданияты борбору» расмий ачылган. Ошол эле окуу жылында орус тили жана адабияты жана котормо иши адистиктери боюнча кош дипломдуу билим берүү программасына алгачкы студенттер кабыл алынган.
Учурда эки жогорку окуу жайдын кызматташтыгынын алкагында бакалавриат жана магистратура деңгээлинде орус тили жана адабияты, котормо, чет тили: эки чет тили, физика жана математика багыттары боюнча билим берүү программалары ийгиликтүү ишке ашырылып, студенттер окууларын улантууда.