КАБЫЛ АЛУУ: Теология факультети кандай адистиктерди даярдайт?

Башкы Жаңылыктар

КАБЫЛ АЛУУ: Теология факультети кандай адистиктерди даярдайт?

Image

Теология факультети – Кыргызстандагы алгачкы жана алдыңкы теологиялык билим берүү борборлорунун бири. Факультет 1993-жылы Ош мамлекеттик университети менен Түркиянын «Диянет» фондунун кызматташтыгынын негизинде ачылып, бүгүнкү күндө өлкөбүздүн руханий, илимий жана маданий өнүгүүсүнө салым кошкон жүздөгөн жогорку квалификациялуу адистерди даярдап келет.
Факультетте мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык теологиялык жана гуманитардык билимдер айкалышта окутулат. Студенттер акыйда, фикх, хадис, тафсир, ислам тарыхы, араб тили, дин философиясы, педагогика, психология, дин социологиясы жана башка заманбап дисциплиналарды өздөштүрүшөт.

Кесипкөй окутуучулар
Сабактарды Түркиянын алдыңкы университеттеринен келген адистер жана ОшМУнун тажрыйбалуу профессордук-окутуучулар курамы өткөрөт. Кафедрада PhD докторлору, илимдин кандидаттары жана жогорку квалификациялуу окутуучулар эмгектенишет.

Заманбап шарттар
Окуу аудиториялары мультимедиялык жабдуулар, интерактивдүү технологиялар, электрондук китепканалар жана интернет ресурстары менен камсыздалган. Студенттер илимий изилдөөлөргө, конференцияларга жана коомдук долбоорлорго активдүү катышат.

Эл аралык мүмкүнчүлүктөр

Теология факультетинин студенттери академиялык мобилдүүлүк программалары аркылуу төмөнкү жогорку окуу жайларында билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ:

Анкара университети
Памуккале университети
Балыкесир университети
Кыргыз-Түрк Манас университети
Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети

Биздин артыкчылыктар:

✔ Теория менен практиканын айкалышы;
✔ Илимий изилдөөлөргө кеңири мүмкүнчүлүк;
✔ Эл аралык байланыштар жана академиялык мобилдүүлүк;
✔ Жогорку квалификациялуу профессордук-окутуучулар курамы;
✔ Руханий жана адеп-ахлактык тарбияга өзгөчө көңүл буруу;
✔ Заманбап материалдык-техникалык база.

ОшМУ жөнүндө жана абитуриенттерди кабыл алуу боюнча маалыматтарды төмөндөгү байланыш булактары аркылуу сурап, биле аласыздар:

Негизги телеграм канал: https://t.me/oshstateuni

Инстаграм баракчабыз: @oshsu.kg

Ютуб: https://www.youtube.com/@oshsu85

Сайт: www.oshsu.kg

Телефон: +996 770 11 11 10, +996 554 87 66 87

WhatsApp: +996 770 11 11 10, +996 554 87 66 87

Telegram: +996 770 11 11 10, +996 554 87 66 87

Биздин дарек: Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Алымбек датка көчөсү 331,

Кабыл алуу комиссиясы: ОшМУнун башкы корпусу, 137-каана

Фото галерея