ОшМУнун окумуштуулары эл аралык форумда изилдөөлөрүн тааныштырат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун окумуштуулары эл аралык форумда изилдөөлөрүн тааныштырат

Image

Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун делегациясы Мажарстандын борбору Будапешт шаарында өтүп жаткан эл аралык бухгалтерлер жана аудиторлор форумуна катышууда.

Форумга профессорлор Чинара Кулуева, Инабаркан Мырзаибраимова, Тимур Исраилов, доцент Калмира Исмаилова, окутуучулар Клара Пайысбекова менен Алила Бакалбаева барды. 

Чинара Кулуева «Кыргызстандын чек ара аймактарындагы эмгек рыногун жөнгө салуунун финансылык-кредиттик механизмдери» аталышындагы изилдөөсү менен бөлүшөт. Баяндамада чек ара аймактарда жумуш орундарын өнүктүрүүдө финансы жана кредит инструменттердин ролу изилденген.

Профессор Тимур Исраилов Кыргызстандагы бухгалтердик эсептин жана аудиттин эл аралык стандарттарынын колдонуудагы кээ бир көйгөйлөр боюнча баяндайт.

Алты күнгө созулган иш-чарага Европа, Азиядан келген профессорлор, окутуучулар, бухгалтердик эсеп, финансы, аудит тармагындагы адистер катышууда. Алар аталган тармактардагы актуалдуу маселелерди, аларды чечүүнүн заманбап жолдорун талкуулашат. Ошондой эле билим берүү сапатын жогорулатуу, кесиптик багыттагы жаңы тенденциялар, келечектеги биргелешкен долбоорлор, эл аралык коллаборациялар боюнча сүйлөшүүлөр жүрөт. 

Фото галерея