АЛЬБИНАНЫН МОБИЛДҮҮЛҮК АРКЫЛУУ АЧЫЛГАН БИЛИМ ДҮЙНӨСҮ

Башкы Жаңылыктар

АЛЬБИНАНЫН МОБИЛДҮҮЛҮК АРКЫЛУУ АЧЫЛГАН БИЛИМ ДҮЙНӨСҮ

Альбина Рысбаева Казакстанда окуп, академиялык мобилдүүлүк программасы аркылуу чет өлкөлөрдө билим алып келген студент. Ал Россия жана Казакстанда тажрыйба топтоп, заманбап окутуу ыкмаларын өздөштүргөн.
Ал төрт тилде эркин сүйлөйт жана бул анын эл аралык билим алуусуна чоң мүмкүнчүлүк түзгөн.

Казакстанда жашап, окуп, бизге ал жактын аба ырайын айтып берип жаткан Альбина Рысбаева. Ал Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык билим берүү программалар жогорку мектебинин башталгыч класс жана англис тили бөлүмүнүн 3-курсунда окуйт. Альбина академиялык мобилдүүлүк программасы аркылуу үч өлкөдө билим алган студенттердин бири. Былтыр Орусияда кесиптик тажрыйбасын байытып келди.