КАБЫЛ АЛУУ: Курулуш коллежи кандай адистиктерди даярдайт?

Башкы Жаңылыктар

КАБЫЛ АЛУУ: Курулуш коллежи кандай адистиктерди даярдайт?

Image

Курулуш коллежи 1965-жылдан бери өлкөбүздүн курулуш тармагына миңдеген квалификациялуу адистерди даярдап келген алдыңкы орто кесиптик окуу жайлардын бири. Алтымыш жылдык тарыхында колледж заман талабына жооп берген билим берүү системасын калыптандырып, курулуш индустриясынын өнүгүшүнө татыктуу салым кошуп келет.

Бүгүнкү күндө турак жайларга, өндүрүштүк жана социалдык объектилерге болгон муктаждыктын өсүшү курулуш тармагындагы адистерге болгон суроо-талапты күчөтүүдө. Ошондуктан курулуш коллежи заманбап технологияларды өздөштүргөн, кесипкөйлүгү жогору, атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоого өзгөчө көңүл бурат.

Коллеждин миссиясы – өлкөнүн курулуш тармагын өнүктүрүүгө салым кошуу менен бирге эмгек рыногунун талаптарына жооп берген орто звенодогу адистерди даярдап, сапаттуу кесиптик билим берүү.

Курулуш коллежинде төмөнкү адистиктер боюнча билим алууга болот:

• Архитектура
• Имараттарды куруу жана эксплуатациялоо
• Сантехника
• Дизайн архитектуралык чөйрө (ДАС)

Окуу формасы: күндүзгү
Базасы: 9 жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн
Окуу мөөнөтү: 3 жылдан 3 жыл 6 айга чейин

Эгер сиз заманбап шаарларды көрктөндүрүүгө, жаңы имараттарды долбоорлоого жана курууга, өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымыңызды кошууга умтулсаңыз, Курулуш коллежи сиз үчүн туура тандоо!

ОшМУ жөнүндө жана абитуриенттерди кабыл алуу боюнча маалыматтарды төмөндөгү байланыш булактары аркылуу сурап, биле аласыздар:

Негизги телеграм канал: https://t.me/oshstateuni

Инстаграм баракчабыз: @oshsu.kg

Ютуб: https://www.youtube.com/@oshsu85

Сайт: www.oshsu.kg

Телефон: +996 770 11 11 10, +996 554 87 66 87

WhatsApp: +996 770 11 11 10, +996 554 87 66 87

Telegram: +996 770 11 11 10, +996 554 87 66 87

Биздин дарек: Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Алымбек датка көчөсү 331,

Кабыл алуу комиссиясы: ОшМУнун башкы корпусу, 137-каана

Фото галерея