КАБЫЛ АЛУУ: Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектеби кандай адистиктерди даярдайт?

Башкы Жаңылыктар

КАБЫЛ АЛУУ: Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектеби кандай адистиктерди даярдайт?

Image

Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектеби эл аралык стандарттарга ылайык сапаттуу билим берип, дүйнөлүк эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдайт. Бул жерде студенттер заманбап билим алуу менен бирге чет тилдерин өздөштүрүп, эл аралык программалар аркылуу дүйнөнүн алдыңкы университеттеринде билим алып, тажрыйба топтоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Жогорку мектепте заманбап компьютердик лабораториялар, лингофондук кабинет, электрондук китепкана, Корей, Испан-Кыргыз жана Япон борборлору иштейт. Студенттер академиялык мобилдүүлүк программаларына катышып, Түркия, Европа жана башка өлкөлөрдүн университеттери менен кызматташтык алкагында билим алышат.

Биздин артыкчылыктар:

  • Эл аралык стандарттагы билим берүү;
  • Чет тилдерин терең өздөштүрүү мүмкүнчүлүгү;
  • Эл аралык алмашуу жана академиялык мобилдүүлүк программалары;
  • Кош дипломдуу адис болуу;
  • Стипендия жана илимий долбоорлорго катышуу мүмкүнчүлүгү;
  • Студенттик клубдар, маданий жана коомдук иш-чаралар.

Багыттар жана адистиктер:

РОССИЯЛЫК ЖАНА ЕВРАЗИЯЛЫК ИНТЕГРАЦИЯ БӨЛҮМҮ:

  • Аймак таануу: Чыгыш Азия
  • Башталгыч билим берүү. Англис тили
  • Эл аралык мамилелер жана санариптик дипломатия

ТҮРК ТИЛДҮҮ МАМЛЕКЕТТЕРДИН ИНТЕГРАЦИЯ БӨЛҮМҮ:

  • Программалык инженерия
  • Математика жана компьютердик илимдер

ЕВРОПАЛЫК ЖАНА АМЕРИКАЛЫК ИНТЕГРАЦИЯ БӨЛҮМҮ:

  • Европа таануу
  • Бизнес жана башкаруу: Эл аралык бизнес
  • Англис тили кошумча котормо жана котормо таануу профили менен

ЭЛ АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕР БӨЛҮМҮ:

  • Эл аралык мамилелер: Дүйнөлүк интеграция жана эл аралык уюмдар

Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектеби – сапаттуу билим, кең мүмкүнчүлүк жана ийгиликтүү келечектин ишенимдүү дареги!

ОшМУ жөнүндө жана абитуриенттерди кабыл алуу боюнча маалыматтарды төмөндөгү байланыш булактары аркылуу сурап, биле аласыздар:

Негизги телеграм канал: https://t.me/oshstateuni

Инстаграм баракчабыз: @oshsu.kg

Ютуб: https://www.youtube.com/@oshsu85

Сайт: www.oshsu.kg

Телефон: +996 770 11 11 10, +996 554 87 66 87

WhatsApp: +996 770 11 11 10, +996 554 87 66 87

Telegram: +996 770 11 11 10, +996 554 87 66 87

Биздин дарек: Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Алымбек датка көчөсү 331,

Кабыл алуу комиссиясы: ОшМУнун башкы корпусу, 137-каана

 

Фото галерея