Жайкы мектеп жүрүп жатат

Башкы Жаңылыктар

Жайкы мектеп жүрүп жатат

Image

Орусиянын Оренбург мамлекеттик университетинде «Современная российская наука и культура» аттуу V эл аралык жайкы мектеп онлайн форматта ишин  баштады. Ага Япония, Кытай, Казакстан, Өзбекстандын ЖОЖдорунан ал эми Кыргызстандан Ош мамлекеттик университетинен 20га жакын студент жана окутуучулар катышууда.

Катышуучулар кыргыз элинин маданияты, каада-салты, жаратылышы, улуттук тамак-ашы, кийимдери,  руханий дөөлөттөрү ошондой эле  ОшМУдагы заманбап билим берүү системасы, инфраструктура жана  студенттерге түзүлгөн  шарттар боюнча презентацияларды жасады.

Жайкы мектеп  Оренбург университетинде жыл сайын уюштурулуп, бардык программалар англис тилинде жүргүзүлөт.

 Угуучуларга Россия федерациясынын тарыхы, географиясы, мыйзам-укуктук ченемдери, орус элинин маданий баалуулуктары  камтылган интерактивдик лекциялар, мастер-класстар көрсөтүлүүдө. Мындан сырткары  Оренбург  шаарына  виртуалдык тур уюшутурулду.

Онлайн мектепти аяктаган студенттер менен окутуучулар сертификаттарга ээ болот.

Фото галерея