ОшМУда финансылык сабаттуулук боюнча конок лекция уюштурулат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда финансылык сабаттуулук боюнча конок лекция уюштурулат

Image

Ош мамлекеттик университетинин окутуучулары жана студенттери үчүн Кыргызстандын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору Кадырбек Букуевдин катышуусунда конок-лекция өтөт.

«Депозиттерди коргоо системасы жана финансылык сабаттуулук» темасындагы конок лекция 19-сентябрда саат 10:00 до болот.

Лекциянын жүрүшүндө:
🔹 депозиттерди коргоо системасы;
🔹 банктык аманаттарды коргоо;
🔹 финансылык сабаттуулук боюнча актуалдуу маалыматтар берилет.

Өтүлүүчү жайы: 201 - жыйындар залы.

Бардык окутуучуларды жана студенттерди пайдалуу маалыматтарды алууга чакырабыз.