Дипломдон кийинки медициналык борбор алты жылга аккредитацияланды

Башкы Жаңылыктар

Дипломдон кийинки медициналык борбор алты жылга аккредитацияланды

Image

ОшМУнун дипломдон кийинки жана үзгүлтүксүз медициналык билим берүү борборунун программалары мамлекеттик аккредитациядан ийгиликтүү өттү. 

Аккредитация алты жылдык мөөнөткө берилди. Бул Аккредитациялык кеңештин 2026-жылдын 23-сессиясынын чечими жана Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен бекитилди.

Быйыл 9–11-сентябрда Саламаттык сактоо министрлигинин эксперттик комиссиясы борбордогу окуу шарттарын, материалдык-техникалык базаны, клиникалык базаларды, окуу-методикалык жана илимий ишмердүүлүктү ар тараптуу баалаган. 

Жыйынтыгында терапия, педиатрия, хирургия жана стоматология адистиктери бардык талаптарга жооп берген. Ага ылайык, борбор адистерди даярдоонун жогорку сапатын, билим берүү программаларынын мамлекеттик стандарттарга толук шайкештигин тастыктады.

Фото галерея