ОшМУ Франция менен меморандумга кол койду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ Франция менен меморандумга кол койду

Image

26-октябрда Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николас Файе Ош мамлекеттик университетине келди. Ректор Кудайберди Кожобеков менен жолугушуп, билим берүү, илим жана маданият тармагында кызматташууну талкуулашты. Жолугушуунун аягында тараптар меморандумга кол коюшту.

Элчи Ош мамлекеттик университетине бешинчи жолу келип жатканын айтып, окуу жай Франция үчүн маанилүү өнөктөш экенин белгиледи. Ал «байланыштарды мындан ары да чыңдоого даярбыз» дейт.

Кудайберди Кожобеков университет эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин айтты. Анын сөзүнө караганда, Франциянын жогорку окуу жайлары менен өнөктөштүктү кеңейтүү студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн жогорулатууга, окутуучулардын тажрыйба алмашуусуна, биргелешкен илимий-билим берүү долбоорлорун ишке ашырууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Жолугушууда аталган өлкөнүн Кан жана Пуатье университеттери менен кызматташуу, студенттердин ал жакта окуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, айлана-чөйрөнү коргоо, археология боюнча биргелешкен долбоорлор сөз болду. Ошондой эле француз тилин окутууну өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Элчи чет тилдер факультетинде француз тилин биринчи курстан тандап окуу мүмкүнчүлүгүн түзүүнү, аны экономика багытындагы студенттерге да окутууну сунуштады. Анын айтымында, француз тилин билген адамга дипломатия, бизнес жана туризм тармагында жаңы жолдор ачылат.

Ош мамлекеттик университети менен биргеликте ачылган Александр Дюма атындагы француз борборунун ишин жандандыруу маселеси да көтөрүлдү. Борборго француз тили боюнча адис тартып, анын ишин кеңейтип, шаар тургундарына да тил үйрөнүү мүмкүнчүлүгүн түзүү сунушталды. Француз тарап ылайыктуу адисти табууга жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары студенттерди Францияда окууга кызыктыруу, Campus France уюму менен иштешип, маалыматтык жолугушууларды өткөрүү каралды. Тараптар франкофониялык иш-чараларды жана Европа кино жумалыгын биргелешип өткөрүүнү да талкуулашты.

Сапардын жүрүшүндө Николас Файе окуу жайдын окутуучулары, студенттери менен да жолугат. Алар француз тилин үйрөнүү жана Франциянын жогорку окуу жайларында билим алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сүйлөшөт.

 

Фото галерея