ОшМУнун студенти эл аралык хирургиялык олимпиадага катышты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун студенти эл аралык хирургиялык олимпиадага катышты

Image

Ош мамлекеттик университетинин Урал мамлекеттик медициналык университети менен биргелешкен кош дипломдуу программасынын 6-курсунун студенти Азамат Имaров Орусияда өткөн эл аралык хирургиялык олимпиадага катышты.

Билим таймашы 23–24-октябрь күндөрү Тюмень мамлекеттик медициналык университетинде «Жамбаш көңдөйүнүн оперативдүү хирургиясы» багыты боюнча уюштурулду.

Олимпиадада катышуучулар теориялык билимдерин, клиникалык ой жүгүртүүсүн, хирургиялык операцияларды жасоо боюнча практикалык көндүмдөрүн көрсөтүштү. 

Азамат Имaров «Колопроктология» багыты боюнча күч сынап, эки этапка катышты. Биринчи, теориялык этапта катышуучулар адистештирилген суроолорго жооп берип, клиникалык кырдаалдарга байланыштуу тапшырмаларды аткарышты. Ал эми экинчи, практикалык этапта хирургиялык манипуляцияларды жасоо боюнча көндүмдөрүн көрсөтүштү.

 

Фото галерея