Мамлекеттик тилибиздин мааракеси кут болсун!

Башкы Жаңылыктар

Мамлекеттик тилибиздин мааракеси кут болсун!

Image

Ардактуу кесиптештер!

Кадырлуу агай-эжекелер!

Сүйүктүү студент достор!

Баарыңыздарды Мамлекеттик тилибиздин кабыл алынгандыгынын 32 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктаймын!

Мындан 32 жыл  илгери, 1989-жылдын 23-сентябрында Кыргыз ССРинин Жогорку Совети тарабынан “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, андан соң кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген. Мына ошол мезгилден тартып, бүгүнкү күнгө дейре кыргыз тили улуттук тил катары саналып эле тим болбостон өлкөбүздүн көп түрдүү этносторунун өз тилине айланып, бүгүнкү учурда  улуттар аралык интеграциялык мамилебизди, коммуникациялык алакабызды жана ынтымагыбызды бекемдеп келген нагыз мамлекеттик тил макамына жетип отурат

Биздин ата-бабаларыбыз эне тилинде “Манас” эпосун жаратып, муундан-муунга чыпчыргасын коротпой өткөрүп келген.

Эне тили каны-жаныбызга эненин сүтү, бешик ыры, аталардын нуска кептери, чоң аталардын санжырасы, чоң энелердин жомогу, комузубуздун күүсү, кыз-жигиттердин шырылдаңы, бекбекейи менен сиңип келген.

Эне сүтү менен кошо жаралган эне тилибизди кастарлаганда гана биз улуттук жүзүбүздү, маданиятыбызды, рухубузду, каада-салттарыбызды сактап кала алабыз.

Мамлекеттик тилди сактоо, өркүндөтүү, кийинки муундарга өткөрүп берүү ар бирибиздин атуулдук парзыбыз. “Манас” эпосун өз ичине камтыган, кылымдарды карыткан кыргыз тилибиз бүгүнкү күндө колдоого, колдонууга муктаж. Элүү миңге чукул жамааты бар Ош мамлекеттик университетибизде мамлекеттик тил саясатына, эне тилге болгон урмат-сыйга кайдыгер болбоого чакырамын. Эне тилибизди сүйөлү, кадырын көтөрөлү, баркын билели. Улуу муун кийинки муунга татыктуу жеткирип берели. Жүрөгүбүздө ата-бабадан мураска калган тилибиз  жалындап турсун. Тил менен биз улутбуз. Тилибиз кылым карытып, муундан-муунга өтүп, өнүгүп-өссүн!

Мамлекеттик тилибиздин кабыл алынгандыгынын 32 жылдык мааракеси дагы бир ирет кут болсун!

 

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков