Тарых жана юридика институтунун 4-курсунун студенти Самат Салимбек уулу «Медиакоон» жаштар форумунун жеңүүчүсү аталды.
Ал медиа жана маалыматтык сабаттуулуктун глобалдык жумалыгына карата уюштурулган iTalks кербенинин жыйынтыктоочу этабында жеңишке жетти.
iTalks кербени өлкөнүн төрт аймагын камтып, Токмок, Каракол, Жалал-Абад жана Ош шаарларында уюштурулду. Анын жүрүшүндө жаштардын медиасабаттуулугу, маалыматты туура кабыл алуу, сынчыл ой жүгүртүү, коомдук маселелер боюнча өз көз карашын негиздүү билдирүү жөндөмдөрү бааланды.
Форум Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Тынчтык куруу фондунун колдоосу менен ЮНЕСКО тарабынан ишке ашырылып жаткан «Жаштардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү аркылуу коомдук ынтымак үчүн өз ара байланышты чыңдоо» долбоорунун алкагында өткөрүлдү.
Самат Салимбек уулу буга чейин да бир катар республикалык жана эл аралык сынактарда ийгиликтерге жетишкен. Ал илимий-интеллектуалдык багытта «Борбордук Азиянын мыкты студенти» наамынын биринчи даражадагы дипломун, Ички иштер министрлиги уюштурган республикалык сынакта биринчи орунду, Орусиянын Бажы академиясынын эл аралык студенттик илимий конференциясында экинчи орунду жана «БРИКС өлкөлөрүнүн укугу: жаштардын көз карашы» аттуу эл аралык конкурста үчүнчү даражадагы дипломду алган.
Мындан тышкары UNESCO жана IDEA багытындагы Young Voice программасынын алкагында Ош шаарынын чемпиону болгон. Ошондой эле «Жаштар желкени» долбоорунун алкагында жаштарга адам укуктары, укуктук сабаттуулук, жарандык жоопкерчилик боюнча тренингдерди өткөрүп келет.