ОшМУ менен Ош шаардык мэриясынын ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ менен Ош шаардык мэриясынын ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлду

Image

Меморандумга Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов жана Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков кол койду.

 Меморандумда Ош шаардык мэриясы менен Ош мамлекеттик университетинин ортосунда  социалдык тармактагы долбоорлорду ишке ашыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар менен бөлүшүү, санариптик инфратүзүмдөрдү пайдаланууда маалыматтар менен бөлүшүү, тажрыйбалуу кадрларды жөнөтүү менен жаңы долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүү жана кадрларды даярдоо боюнча тажрыйба алмашуу каралган.

Фото галерея