ОшМУнун STEM инновациялык колледжине Түркиядан ыраазычылык кат тапшырылды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун STEM инновациялык колледжине Түркиядан ыраазычылык кат тапшырылды

Image

ОшМУнун STEM инновациялык колледжинин директору ф.и.к.,доцент Бегайым Абдылакимовага жана директордун эл аралык байланыштар боюнча орун басары Саматбек Жолборсовго Түркиянын илим, өнөр жай жана технология министрлигинин өндүрүмдүүлүк башкы башкармалы тарабынан ыраазычылык кат тапшырылды.

Ыразычылык катта STEM инновациялык колледжине жана директордун орун басарына Түркиянын жогорку окуу жайлары менен болгон кызматташтык багытындагы демилгеси белгиленген. 2020-2021-окуу жылында STEM инновациялык колледжин аяктаган 4 студент Түркиянын Ялова  университетине тапшырып, учурда билим алып жатышат.

2021-2022-окуу жылында Түркиядагы Измир, Кютахия, Биледжик, Дюздже, Диербакир, Болу, Карабюк, Мерсин университеттерине бакалавр, магистратура жана аспирантурага кабыл алууга келишим түзүүгө жетишкен. Кабыл алууга документтер 2022-жылдын июнь-июль айлаларында башталат. ОшМУнун коллдеждерин аяктаган студенттер бакалаврга тапшырып, билим алган Түркиянын университеттеринин дипломун ала алышат. Өзгөчө техникалык адистиктерге басым жасалган.

 Саматбек Жолборсов 2014-2019-жылы Түркиянын Кастамону университетинин туризм адистигин аяктаган.

Фото галерея