ОшМУ «Жаратман Муун» форумунда инновациялык долбоорлорун сунуштады

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ «Жаратман Муун» форумунда инновациялык долбоорлорун сунуштады

Image

28-ноябрда Бишкектеги «Ырыс Ордо» конгресс-холлунда Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги уюштурган «Жаратман Муун – 2026» форум-көргөзмөсү өтүүдө. Иш-чарага ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган делегация, Enactus командасы, окутуучулар, студенттер катышууда.

Иш-чаранын ачылышына министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова, мамлекеттик органдардын, илим жана билим берүү тармагынын, бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү, жаштар катышты. Форумдун расмий ачылышында ОшМУнун Enactus командасы «АпБулак» стартап-долбоорун тааныштырды. Команда Бразилияда өткөн Enactus World Cup 2026 дүйнөлүк кубогунда Кыргызстандын улуттук чемпиону катары катышып келген. Адылбек Касымалиев өлкөнүн улуттук чемпиондугун жеңип алган команданын жетишкендигин өзгөчө белгиледи.

«АпБулак» долбоору полиэтилен калдыктарын кайра иштетип, айыл чарбасында жана суу менен камсыздоо тармагында колдонулуучу экологиялык түтүктөрдү өндүрүүгө багытталган. Долбоор пластик калдыктарын азайтуу, кайра иштетүү маданиятын жайылтуу, суу ресурстарын үнөмдүү пайдалануу жана айыл жерлериндеги суу тартыштыгын жеңилдетүү сыяктуу экологиялык, социалдык маселелерди чечүүнү көздөйт.

Форум-көргөзмөдө ОшМУнун Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунун студенттери да инновациялык долбоорлорун сунушташты. Алардын арасында Гүлжигит Абайдиллаевдин «Акылдуу дрон» жана «Акылдуу ферма», Сайкал Камалованын «SkyGround AI», Дияна Азимованын «Жаңдоо тилинин котормочусу» долбоорлору бар. Студенттердин демилгелери заманбап технологияларды, жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу аркылуу коомдогу актуалдуу маселелерге чечим табууга багытталган. 

Форумдун алкагында президенттик стипендияларды тапшыруу аземи да өтүп, ОшМУнун төрт студенти ээ болду. Учурда форумда көргөзмөлөр, тематикалык сессиялар, панелдик талкуулар жана стартап-долбоорлордун сынагы уланууда.

«Жаратман Муун – 2026» форум-көргөзмөсү жаштардын жаратмандык демилгелерин, инновациялык идеяларын жана стартаптарын колдоого, ишкердик жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган.

 

Фото галерея