Чехиялык студенттер ОшМУда билим алат

Башкы Жаңылыктар

Чехиялык студенттер ОшМУда билим алат

Image

Эл аралык мамилелер факультетине Чехиянын Пльзен шаарындагы Батыш Богемия университетинен 12 студент келди. Алар  "Эл аралык мамилелер" багытында билим алышкан  8 магистрант жана 4 студент. 
Конок студенттер эл аралык мамилелер факультетинде 40 күн билим алуу менен кыргыз элинин каада салты, үрп адаты, жергиликтүү калктын жашоосу менен таанышат. 
Ар жылы эки тараптан студенттер академиялык мобилдүүлүк программасынын негизинде 1 семестр алмашып окуп келишет. 
2016-жылдан бери  ОшМУнун 100гө чукул студенти, 30дан ашуун окутуучусу  Батыш Чех университетинде кызматташуу жөнүндөгү эки тараптуу келишимдердин негизинде билим алып келди.
Бүгүнкү күндө ОшМУ  33 алыскы чет өлкөлөрдөгү 296 университет менен байланышы бар.

Фото галерея