Студенттик спартакиада башталды

Башкы Жаңылыктар

Студенттик спартакиада башталды

Image

Окуу жайда 20-сентябрь – Эл аралык спорт күнүнө карата  уюштурулган факультеттер аралык студенттердин спартакиадасы башталды. 

Ачылуу аземинде ОшМУнун студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыкова, окуу жайдын кесиптик бирлик комитетинин төрагасы  Абсамат Саттаров мелдешке катышып жаткан командаларга ийгилик каалады.

Медештер спорттун грек рим, эркин күрөш, улуттук күрөш, шахмат, волейбол, жеңил отлетика, кичи футбол, баскетбол, ордо, стол тенниси, тогуз коргоол боюнча өтүп, ага окуу жайдын бардык факультеттерден командалар катышууда.

Жеңишке жеткен командаларга жана спортчуларга сыйлыктар каралган. Спартакиада  14-15-16- октябрь күндөрү окуу жайдын спорт комплекстеринде өтөт.

 

Фото галерея