Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаус ОшМУга келди

Башкы Жаңылыктар

Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаус ОшМУга келди

Image

Франциянын Кыргызстандагы элчиси  Франсуа Делаус окуу жайга иш сапары менен келип ректор Кудайберди Кожобеков менен жолукту.  Жолугушууда Франциядагы  жогорку окуу жайлар менен кызматташуу алакаларын бекемдөө, билим берүү программаларын ишке ашыруу, окутуучулардын, студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн арттыруу багыттары боюнча сөз болду.
Элчи Франсуа Делаус ОшМУ менен кызматташуу багытында мамилелерди чыңдоого жана кызматташтыктын жаңы багыттарын өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Ошондой эле жакында Бишкекте өтө турган Франциянын маданият күндөрү иш-чарасына ректор Кудайберди Кожобековду чакыруу менен бул иш-чараны ОшМУда да өткөрүү сунушун айтты.
Мындан сырткары элчи мырза ОшМУнун окуу материалдык базасы менен таанышып, Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде француз тилин окуткан мугалимдер менен жолугуп баарлашат.

Фото галерея