Эл аралык спорт күнүнө карата уюштурулган спартакиада жыйынтыкталды

Башкы Жаңылыктар

Эл аралык спорт күнүнө карата уюштурулган спартакиада жыйынтыкталды

Image

Спартакиаданын сыйлоо аземине окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков катышып, жалпы мелдештин катышуучуларын,    жеңүүчүлөрдү  куттуктады. «Бүгүнкү күндө университетте спортко өзгөчө маани берилип, мыкты шарттар жаралып жатса, ошол эле учурда ар түрдүү мелдештерде спортчуларыбыз жеңишке жетишип, университеттин намысын коргоп келүүдө. Биздин спортчу жаштарыбыз дайыма окуу жайдын, өлкөбүздүн намысына жарай беришинерге тилектешмин», - деди.

Мелдештер спорттун грек рим, эркин күрөш, улуттук күрөш, шахмат, волейбол, жеңил отлетика, кичи футбол, баскетбол, ордо, стол тенниси, тогуз коргоол боюнча өтүп, ага окуу жайдын бардык факультеттеринен  командалар катышты.

Жыйынтыгында командалык эсепте 1-орунду  Педагогика, психология  жана дене тарбия факультети, 2-орунду Математика жана информациялык технологиялар факультети, 3-орунду Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин командалары ээлешти.  Жеңишке жеткен командаларга жана спортчуларга дипломдор, кубоктор тапшырылды. Спартакиада  14-15-16-октябрь күндөрү окуу жайдын спорт комплекстеринде өттү.

 

Фото галерея