STEM инновациялык колледжинин студенттери Ысык-Көлдө өндүрүштүк практика өтөөдө

Башкы Жаңылыктар

STEM инновациялык колледжинин студенттери Ысык-Көлдө өндүрүштүк практика өтөөдө

Image

ОшМУнун STEM инновациялык колледжинин 2-курсунун студенттери Эрболот Рыскулбеков, Таалайбек уулу Барсбек өндүрүштүк практикасын Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы "Эковет" ветеринардык жеке клиникасында  өтөшүүдө. 
Практикада  студенттер оорулуу жаныбарларды изилдөө, ооруунун диагнозун аныктоо, ар түрдүү жарааттарды дарылап айыктыруу, операция жолу менен дарылоо, малдын мээсин ачып тазалоо, ит мышыктардын кастрация, стерилизация операцияларын жана башка көптөгөн операцияларды жасоо жолдорун үйрөнүшүүдө.
Студенттердин  практикаларын аталган клиникадан өтүүсүнө  Кыргыз Республикасынын  ветеринардык Палатасынын  жана ректор Кудайберди  Кожобековдун салымы чоң.Учурда ветеринария адистигинде 120дан ашуун  студент билим алууда.

Фото галерея