Германиянын элчиси Габриэла Геллил ОшМУда болду

Башкы Жаңылыктар

Германиянын элчиси Габриэла Геллил ОшМУда болду

Image

ОшМУга Германиянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Габриэла Геллил баштаган делегация келди. Делегация окуу жайдын эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев менен жолугушуп, кызматташуу багытында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Жолугушууда делегация ОшМУдагы билим берүү, илим, эл аралык байланыштар, жетишкендиктер боюнча маалымат алышты. Эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев университетте немец тилин жана маданиятын үйрөнүүгө болгон студенттердин  кызыгуусу абдан зор экендигин, Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде  немец тили кафедрасы 50 жылдан ашык мезгилден бери иштеп келе жаткандыгын белгиледи. Ошондой эле ОшМУ Германиянын окуу жайлары менен Эразмуз+, ДААД программалары аркылуу кызматташып келерин, ушул жылдын жазгы семестринде студенттер Марбург университетине жиберилип жаткандыгын айтты. Мобилдүүлүк программаларына катышкан студенттердин виза маселесин жеңилдетүү максатында элчиликтин колдоосу менен “VisaMetric” кызматы өз ишин жаңылашына ишеним артарын кошумчалады.  

         Элчи Габриэла Геллил буга чейин да ОшМУ тууралуу көптөгөн жакшы пикирлерди уккандыгын, бүгүнкү жолугушууда айтылган сунуш-пикирлерди колдоорун билдирди.

Иш сапардын алкагында делегация окутуучулар, студенттер менен да жолугушуп, пикир алышты.

 

Фото галерея