![](https://oshsu.kg/storage/uploads/thumbnail/YrrqHXcEhVQRj8YiOj9FMeqidY6V4mTPT5fNvJ26.jpeg)
Кыргызстандык Замирбек Сатинбаевдин жетекчилигинде Москва шаардык Боткин атындагы ооруканасында 100 жаштагы ардагерге татаал операция жасалды. Мында дарыгерлер тобу бейтаптын жүрөгүнө эки камералуу заманбап кардиостимулятор орнотушту.
Операцияны ОшМУнун Медицина факультетин 2005-жылы бүтүргөн Замирбек Сатинбаев жасаганын Орусиядагы бир топ басылмалар жазып чыгышууда.
Замирбек Сатинбаев ОшМУнун алдындагы Медициналык факультеттинин дарылоо иши адистигин бүтүрүп, 2007-жылы Москвадагы Жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунун клиникалык ординатурасын аяктаган.
Учурда Москва шаардык Боткин атындагы ооруканасынын жүрөктүн татаал аритмиясын жана электрокардиостимуляциясын хирургиялык дарылоо бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап келет.