ОшМУнун студенттери эл аралык илимий конференцияга катышты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун студенттери эл аралык илимий конференцияга катышты

Image

20-ноябрда Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчилигинин демилгеси менен Борбор Азиядагы студенттердин арасында  Корей таануу боюнча II эл аралык илимий конференция өттү.

Ага Кыргызстан, Казакстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын жогорку окуу жайларынан 24 команда катышты.

ОшМУнун чыгыш таануу жана тарых факультетинин чыгыш таануу, африка таануу адистигинин 3-4-курстарынын студенттери Сүйүнбек кызы Гүлсана, Кошокбай кызы Элнура, Бегалива Гүлнур, Хакимова Фарида жана корей тили боюнча окутуучу Султан Матназаров катышты. Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вонджэ ар бир студентке сертификат жана 200 АКШ доллардан акча тапшырды.

Өткөн окуу жылында аталган адистиктен 4 студент  жана доцент Жолдошбек Бөтөнөев иш-чарага онлайн шартында катышып, сертификаттар жана акчалай сыйлык менен сыйланышкан.

ОшМУнун чыгыш таануу жана тарых факультетинин чыгыш таануу, африка таануу адистигинде жалпысынан 100 дөн ашуун студент жана магистрант корей тили менен чыгыш дипломатиясын тереңдетип окушууда. Учурдада аталган адистикттен 10 дон ашуун студент Түштүк  Кореянын жогорку окуу жайларында академиялык мобилдүүлүк алкагында бюджеттик негизде билим алып жатышат.

Фото галерея