Армениялык конок ОшМУда болду

Башкы Жаңылыктар

Армениялык конок ОшМУда болду

Image

Армениянын Улуттук Жыйынынын депутаты, аймактык жана Евразиялык интеграция маселелери боюнча комиссиянын ар дайымкы мүчөсү А.И. Сандыков Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын жетекчиси К.С. Досматовдун коштоосунда ОшМУга иш сапары менен келди.

Конокторду  эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев кабыл алып университет, анын тарыхы, билим берүү багыттары, окуу процесси, тышкы байланыштары, жетишкен ийгиликтери жөнүндө айтып берип, Армениянын окуу жайлары менен кызматташууга окуу жай кызыктар экендигин билдирди.    

Алексей Сандыков жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Еревандын окуу жайлары менен байланышты орнотууга көмөк көрсөтө тургандыгын убадалады.

Фото галерея