Санкт-Петербург политехникалык университети менен видеоконференция уюштурулду

Башкы Жаңылыктар

Санкт-Петербург политехникалык университети менен видеоконференция уюштурулду

Image

Санкт-Петербург политехникалык университети менен ОшМУнун ортосунда ишканалардагы экономика багытында биргелешкен билим берүү программасын түзүү боюнча видеоконференция болду.Ага Орусия тараптан Өнөр жай менеджменти, Экономика жана соода институтунун жогорку инженердик-экономикалык мектебинин директорунун орун басары Екатерина  Королёва баштаган жамаат , ОшМУдан эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев жана окуу жайдан өкүлдөр катышты.
Онлайн жолугушууда  экономика багытында кош дипломдуулук программасын түзүүгө  эки окуу жайдагы бакалавр жана магистратура багыттарынын профилдик өзгөчөлүктөрү, окуу мөөнөтү, өтүлүүчү дисциплиналар боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.
Мындай онлайн байланыштар уланып,алдыда академиялык мобилдүүлүктү  жүргүзүү, Эразмус плюс программасынын алкагында биргеликте иштешүү, илимий иш-чараларды чогуу өткөрүү, окуу жайлардын журналдарында макалаларды биргелешип жарыялоо багытында болот.
Буга чейин Санкт-Петербург политехникалык университети менен ОшМУ эки тараптуу  кызматташуу меморандумуна кол койгон.

Фото галерея