Медиа сабаттуу болуу-учурдун талабы

Башкы Жаңылыктар

Медиа сабаттуу болуу-учурдун талабы

Image

ОшМУнун журналистика кафедрасы Ош шаарындагы жана Ош облусундагы мектеп мугалимдери, окуучулары, медиа тармагына кызыккан жаштар үчүн  форум өткөрдү.
Медиа форумда жаңы медиа жана форматтар,  пост чындыгы, маалымат коопсуздугунун эрежелери, сынчыл ойлом, маалымат жаратуу,  жеке жана коомдук гигиена, социалдык медиа боюнча маалыматтар берилди.  Мындан сырткары журналистика кафедрасынын окутуучулары тарабынан социалдык тармакта пикир алышуунун этикети, жаңы медиа доорундагы маалыматтык стандарттар багытында мастер класстар өтүлдү.
Форумдун алкагында 8-декабрь - Кыргыз Республикасынын телекөрсөтүү жана радио кызматкерлеринин күнүнө карата студенттер арасында эң мыкты теле репартаж даярдоо боюнча сынак жарыяланып, студенттерден 20дан ашуун материалдар келген. Жыйынтыгында мыкты деп табылган эмгектерге дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Буга чейин журналистика кафедрасы түштүк чөлкөмүндөгү журналист болууга кызыкдар  жаштар үчүн “Болочок журналисттер” форумун өткөргөн. Учурда адистикте студенттерди журналистиканын түрдүү багыттарында билим берип, тарбиялап келет.

Фото галерея