ЕККУнун өкүлү ОшМУда болду

Башкы Жаңылыктар

ЕККУнун өкүлү ОшМУда болду

Image

Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун(ОБСЕ) Бишкектеги Академиясынын ага окутуучусу Елена Жирухина ОшМУга иш сапары менен келип, эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев менен жолукту. 
Жолугушууда университет ЕККУнун Академиясы менен кызматташууга даяр экендигин билдирип, эки тараптуу кызматташуу келишимин түзүп, анын негизинде академиялык мобилдүүлүк, белгилүү илимпоздордун, таланттуу адистердин конок, онлайн лекцияларын уюштуруу, Европанын долбоорлоруна өтүнмөлөрдү биргеликте берүү, илимий изилдөө иштерин чогуу жүргүзүү багыттарда иштешүүнү сунуштады. 
Елена Жирухина  дагы өзү иштеп жаткан билим берүү мекемеси, анын ишмердүүлүгү, билим берүү программалары боюнча айтып жылуу кабыл алгандыгына ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле, Елена Жирухина студенттер менен жолугуп, пикир алышты.Мындай академия, андагы студенттер үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр, «Саясат жана коопсуздук», «Экономикалык башкаруу жана өнүктүрүү» адистиктери боюнча анын магистратурасына тапшыруу жөнүндө презентация жасады.

Фото галерея