ОшМУда Фулбрайт программасынын 70 жылдыгына карата семинар болду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда Фулбрайт программасынын 70 жылдыгына карата семинар болду

Image

Борбор Азиядагы Америка университетинин профессорлору Чолпон Турдалиева менен Мукарам Токтогулова ОшМУда Фулбрайт программасынын 70 жылдыгына карата "Building Resilient Future through Women’s Empowerment, Diversity, and Inclusion in the Post-COVID Recovery Phase in Kyrgyzstan" («Кыргызстанда аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ар түрдүүлүк жана COVID ден кийинки калыбына келтирүү фазасына кошулуу аркылуу туруктуу келечекти куруу») долбоорунун алкагында  эл аралык фонддорго жана программаларга илимий-изилдөө өтүнмөлөрүн жазуу боюнча тренинг өтүштү.

Конокторду ОшМУнун эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы  Абдувалиев кабыл алды. Жолугушууда ОшМУ менен БААУнун кызматташтыгы тууралуу сөз болуп, илимий-изилдөө өтүнмөлөрүн жазуу боюнча тренинг окутуучуларга пайдалуу экендигин, ОшМУда учурда  Фулбрайт программасынын бир нече стипендианттары эмгектенерин белгиледи.

Тренингге Ош шаарындагы жогорку  окуу жайлардын 100гө жакын окутуучусу катышып, сертификаттарга ээ болушту. Семинар чыгыш таануу жана тарых факультетинин жетекчилигинин демилгеси менен ОшМУда уюштурулду.

Фото галерея