ОшМУнун доценти Казакстандын "Бобек" ассоциациясынын сыйлыгына ээ болду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун доценти Казакстандын "Бобек" ассоциациясынын сыйлыгына ээ болду

Image

ОшМУнун чыгыш таануу жана тарых факультетинин жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу кафедрасынын доценти, т.и.к. Гулзада Жумашовага ОшМУнун административдик кеңешинде ректор Кудайберди Кожобеков сыйлыктарды таршырды.

Гулзада Жумашова Казакстандын "Бобек" ассоциациясы Казакстандагы окумуштуулардын конгреси менен биргеликте  уюштурган "Билим берүүдөгү мыктылар -2021” эл аралык долбоорунун алкагында “Мыкты педагог” конкурсуна катышып II даражадагы диплом, күбөлүк жана төш белги менен сыйланган.