ОшМУ Санкт-Петербург политехникалык университети менен видео аркылуу баарлашты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ Санкт-Петербург политехникалык университети менен видео аркылуу баарлашты

Image

Санкт-Петербург политехникалык университети менен ОшМУнун өкүлдөрүнүн катышуусунда академиялык мобилдүүлүк маселелерин талкуулоо максатында кезектеги видеоконференция болду. Ага аталган окуу жайдан эл аралык жана окуу жайлар аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Екатерина Беляевская,  ОшМУдан эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев жана тиешелүү жетекчилер, адистер катышты.

Жолугушууда профессордук-окутуучулук курамдын жана студенттердин ортосунда академиялык мобилдүүлүк, кыска мөөнөттүү стажировкаларды, тажрыйба алмашууларды, кесиптик деңгээлди жогорулатуу курстарын, практика өтөөнүү уюштуруу туурасында сөз болду. Бул үчүн атайын келишимдерди, жумушчу пландарды түзүү зарылдыгы белгиленди.  Эл аралык илимий конференцияларды өткөрүү, макалаларды биргеликте жарыялоо, магистранттар менен аспиранттарга жетекчилерди дайындоо, студенттерди олимпиадаларга катыштыруу, Эразмус+ программасынын долбоорлоруна өтүнмөлөрдү берүү боюнча пикир алмашуулар болду.

Санкт-Петербург политехникалык университетинин экономика, математика, информациялык технологиялар, психологиялык-педагогикалык билим берүү, юриспруденция, аймак таануу, лингвистика, дизайн  адистиктери ОшМУнун багыттарына дал келет.

Фото галерея