UFC чемпиону Валентина Шевченко ОшМУга келди

Башкы Жаңылыктар

UFC чемпиону Валентина Шевченко ОшМУга келди

Image

UFC уюмунун аялдар арасындагы эң жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко 13-декабрда ОшМУда  жаштар менен жолугушту. Спортчуну машыктыруучусу Павел Федотов жана анын апасы коштоп келди.

Күйөрмандар менен болгон жолугушууда жеке жашоосу, спорттогу ийгиликтери, алдыдагы максаттары  боюнча ой бөлүшүп, суроолорго жооп берди.  Ал  жаштарды  мекенди сүйүүгө, өлкөнү өнүктүрүүгө, алдыга койгон максатка жетүүгө талбай аракет жасоого чакырды.  Мыкты суроо берген жаштарга мээлей белек кылды.

Спортчуга Ош мамлекеттик университетинин “ОшМУга даңк” медалы тапшырылды.

Валентина Шевченко UFCнин аялдар арасында эң жеңил салмактагы алты жолку чемпиону.

 

 

Фото галерея