ОшМУнун эки кызматкери республикалык адабий сыйлык алды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун эки кызматкери республикалык адабий сыйлык алды

Image

Акын Зайырбек Ажыматов атындагы адабий сыйлыктын алгачкы лауреаты ОшМУнун кызматкери , жаш акын Мелис Маматжан уулу болду. Тандоо конкурстун негизинде  жүрүп, ага  35 жашка чейинки жаш акындар катышты.
Жеңүүчү Мелис Маматжан уулуна статуэтка, диплом  жана 100 жүз миң сом ыйгарылды. Сынакты "РухЭш" сайты жана "Роза Отунбаеванын демилгеси" Эларалык фонду уюштурган. 
Ага улай эле ОшМУнун окутуучусу Улукбек Омокеев да республикалык "Алтын калем" адабий сыйлыгынын поэзия жанры боюнча жеңүүчүсү жана лауреаты болду.
ОшМУнун жалпы жамааты Улукбек Омокеев менен Мелис Маматжан уулун куттуктап, чыгармачылык эргүү каалайт!

Фото галерея