"Поэзия зомбулукка каршы" ыр кербени ОшМУда

Башкы Жаңылыктар

"Поэзия зомбулукка каршы" ыр кербени ОшМУда

Image

Иш-чарага  жаш акындар  Алтынбек Исмаилов, Нуркыз Рыскул кызы, Акбар Кубанычбеков,Бердибек Жамгырчиев жана Мелис Маматжан уулу катышты. Кечеде гендердик зомбулук жана ага каршы аракеттердин маанилүүлүгү жөнүндөгү акындардын чыгармалары жаңырды. 
Акциянын негизги максаттуу аудиториясы жаштар, университеттердин студенттери. Статистика көрсөткөндөй, зордуктоо жана зордуктоого аракет кылуу боюнча кылмыштарды көбүнчө 18-24 жаш курактагы жаштар жасашат. Жаштардын көпчүлүгү ички жана тышкы миграция процесстерине жигердүү катышып, бул көбүнчө аларды укук бузууга түртүшү мүмкүн. 
Ушул себептерден улам аймактарда жаштар менен иштөөгө көңүл буруу максатында “Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүү акциянын” алкагында “Поэзия зомбулукка каршы” кербени уюштурулду.
«Поэзия зомбулукка каршы» кербени “Теңдик нуру” глобалдык демилгесинин алкагында өткөрүлүп, мындан ары Нарында, Бишкекте уланат.

Фото галерея