Чуваш мамлекеттик педагогикалык университети бир айлык акысыз орус тил курстарын уюштурду

Башкы Жаңылыктар

Чуваш мамлекеттик педагогикалык университети бир айлык акысыз орус тил курстарын уюштурду

Image

Россия Федерациясынын Билим берүү министрлигинин ведомстволук максаттуу программаларынын алкагында И.Я Яковлев атындагы Чуваш мамлекеттик педагогикалык университети 20-ноябрдан баштап «Орус тилинде жазабыз жана окуйбуз», «Орус адабиятын жана маданиятын түшүнүүнү үйрөнөбүз» аттуу тематикалык багыттар боюнча бир айлык акысыз орус тил курсун онлайн режимде өттү. 

Аталган курстун тестирлөө бөлүгүн өткөрүү үчүн Чуваш мамлекеттик педагогикалык университетинин өкүлдөрү ОшМУга келишти. Иш-чара башкы корпуста өттү ага окутуучулар, студенттер жана мектеп окуучулары катышты. Тестирлөө угуу, жазуу, сүйлөө көндүмдөрүн текшерүүгө карата тапышмалардан турду. Сынакты ийгиликтүү тапшыргандарга Россиянын Билим берүү министрлигинин жана аталган окуу жайдын сертификаты тапшырылат.

Чуваш мамлекеттик педагогикалык университетинин орус тили курсун быйыл экинчи ирет өткөрүп жатат. Өткөн жылы бул курсту ОшМУнун 30га жакын студенти жана 12 окутуучусу ийгиликтүү аяктап, сертификаттарга ээ болушкан.

Фото галерея