ОшМУнун 6 студенти Президенттик стипендияга ээ болду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун 6 студенти Президенттик стипендияга ээ болду

Image

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 14-декабрда  2020-2021-окуу жылынын жыйынтыгы менен өлкөнүн жогорку окуу жайларынын мыкты деп табылган 80 студентине президенттик стипендия тапшырды.

Быйылкы жылы ОшМУнун 6 студенти президенттик стипендияга ээ болушту. Алар Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин студенти  Абиев Кадырбек, Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин студенти Айсулуу Базарбекова,  Эл аралык билим берүү  программаларынын жогорку мектебинин студенти Болот кызы Айгерим,  Кыргыз-кытай факультетинин студенти  Жумагүл Мусабекова, Физика-техника факультетинин студенти  Тажибай уулу Талгатбек, Чыгыш таануу жана тарых факультетинин студенти Ырысбек кызы Нуркан.

Жеңүүчүлөр  ОшМУнун студенттери арасында 2020-2021-окуу жылынын жыйынтыгы менен президенттик стипендияга талапкерлерди аныктоо боюнча университеттик тандоо турунун жыйынтыгы менен тандалып алынган. 

Студенттердин ар бири 50 миң сомдон стипендияга ээ болушту.

Фото галерея